21.09.2018 17:53

МИК бюджетте иштегендерге 7 пайыздык чен менен ипотекалык насыя берүүнү убадалады

МИК бюджетте иштегендерге 7 пайыздык чен менен ипотекалык насыя берүүнү убадалады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиевди жана  Мамлекеттик ипотека компаниясынын (МИК) төрагасы Бактыбек  Шамкеевди кабыл алды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

МИКтин төрагасы президентке ипотекалык кредиттөө боюнча аткарылып жаткан  иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2018-жылдын күзүнөн баштап, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ипотекалык кредиттердин пайыздык чени 7 пайызга чейин төмөндөтүлөт. 

Ал эми, финансы министрлиги президентке 2018-жылы ипотекалык кредиттөөнү ишке ашыруу үчүн 1,5 миллиард сом бөлүнгөнүн, 2019-жылы  бул сумманы 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонуп жатканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы «Арзан турак жай» Программасын ишке ашырууда МИК жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

«Азыркы учурда бюджеттик тармактарда  — медицина, билим берүү, маданият жана социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндө иштеген жарандар үчүн бекитилген 8-10% төлөө кыйындыкка турат. Ошондуктан мамлекеттик ипотека боюнча кредиттердин пайыздык ченин төмөндөтүү  боюнча ишти  тездетүү керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Эконом-класстагы көп батирлүү турак жайларды куруу долбоорун ишке ашырууга токтолуп, Президент эконом-класстагы үйлөрдү аймактарда, тактап айтканда региондорду өнүктүрүү Концепциясында өнүгүү орундары катары белгиленген шаарларда курууну жана МИКтин турак жайларынын чарчы метринин наркы калктын көпчүлүгү үчүн жеткиликтүү болушун  баса белгиледи.

Президент Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен тышкаркы кошумча ресурстарды тартууну, финансы министрлиги менен бирдикте мамлекеттик ипотека программасын ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды издеп табууну сунуштады.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аалы Карашев өкмөттүн 2019-2020-жылкы бюджетинде ипотекалык кредиттөөгө каражат каралбаганын айтып чыккан.  

«Учурда 15 миңден ашык адам мамлекеттен арзан ипотека алыш үчүн кезекте турат. 2015-жылдан бери 3 миңден ашык адам бул программадан колдонгон. Өкмөт мамлекеттик ипотеканы 6% үстөк менен беребиз деп сөз берген. Жеке эле бюджетте иштегендерге эмес, башкаларга да берилет деп айтылган. Азыр бул программа токтоп турат, кийинки жылдарга каражат каралбаптыр. Өкмөт мунун  үстүндө иш алып барбаса болбой калат», - деген депутат. 

Ал эми, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан April.kg порталына финансы министрлигинен быйыл 800 млн. сом алышканын, ал эбак түгөнүп калып, иш солгундап жатканын билдиришкен.

«Быйыл бизге өкмөт 800 млн. сом берген. Ал каражат жайга жетпей эле түгөндү. Азыр жеке менчик банктарга кайрылып, өз каражатыңардан берип тургула деп өтүнүп жатабыз. Айрымдары макул болуп, аз-аздан берип жатат. Бирок, анда да эмдиги жылы кайра кайтарып бересиңер деген шарт коюп туруп беришет. Азыр 3,5 миң киши акча күтүп, кезекте турат. Башка каражат булактарын деле издеп жатабыз», -дешкен компаниядан.