17.04.2018 14:35

МИК: Мамлекеттик кызматкерлерге берилчү насыянын мөөнөтүн узартууну өкмөт карап чыгышы керек

МИК:  Мамлекеттик кызматкерлерге  берилчү насыянын  мөөнөтүн узартууну өкмөт карап чыгышы керек

Өкмөт 2018-жылга Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд 90 млн сом бөлүүнү караган.  Биринчи транш менен  280 млн сому  берилген. Дагы 220 млн сом  жакын арада түшүшү күтүлүүдө.  Бул туурасында МИК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Гүлнара Нуркулова April.kg порталына билдирди. 

Бюджет кызматкерлерине  жеңилдетилген насыя берүүдө компания өзүнүн 260 млн сом өлчөмүндөгү жүгүртүүдөгү каражатын дагы колдонду. Бардыгы болуп, быйыл 3 ай ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания калкка турак-жай сатып алуу үчүн  522 млн сом өлчөмүндө насыя берди. 

"Компания  2 жыл ичинде 3 млрд 280 млн сом өлчөмүндө 2 миң 960 адамга насыя берген. 953 мугалим, 453 дарыгер,  64 маданият кызматкери,  ӨКМден  422 киши, социалдык өнүктүрүү министрлигинен  58 кызматкер бул мүмкүнчүлүктөн колдонгон.  Калган 41,40 пайызы ар кайсы мамлекеттик тармактын кызматкерлери," -деп билдирди Гүлнара Нуркулова. .

Эскерте кетсек, буга чейин айрым эл өкүлдөрү ипотекалык насыянын мөөнөтүн 25 жылга узартуу сунушу менен чыгышкан. Бул маселе кайра эле каражатка барып такала турганын айткан компания өкүлдөрү, мындай чечимди өкмөт кабыл алыш керек дешет. 

Ал эми бюджеттик эмес мекемелерде иштеген жарандарга жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгүн компания ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаргандан кийин гана карамакчы.

"Май-июнь айларында баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда. Аларды инвесторлорго сунуштайбыз. Аны сатуудан түшкөн каражатты өнөктөш банктарга жөнөтүп, ошол акчанын эсебинен бюджеттик эмес мекемеде эмгектенген шаар тургундарына насыя берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", -деди Нуркулова.

Бирок, ошол эле маалда өлкөдө баалуу кагаздар рыногу жакшы өнүкпөгөнү белгилүү. Мындан улам, бул иштин жакын арада ишке ашышы күмөн.