18.10.2018 13:26

Милиция 3 баласы менен муздак контейнерде жашап жаткан келинге жардам берди

Милиция 3 баласы менен муздак контейнерде жашап жаткан  келинге жардам берди

Жаш балдары менен көчөдөгү темир контейнерде жашап жаткан келин социалдык баш калкалоочу жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Жайыл райондук милиция кызматкерлери Кара-Балта шаарынын соода-сатык түйүндөрүн карап чыгуу маалында, муздак контейнерде 3 баласы менен өлбөстүн күнүн көрүп жаткан аялды аныкташкан. Сурак учурунда, анын Ош облусунан келгени, 23 жашта экени белгилүү болгон. Ал күйөөсү менен эки кызы төрөлгөндө эле ажырашып кеткенин, ата-энеси үйүнө батырбай кууп чыкканын билдирген.

«Келин өзүнүн 5, 3, 1,5 жаштагы кыздары менен ар кайсы жерде жашап жүрүп, бир ай мурун Кара-Балтага келген. Ал жерден акчасын төлөй албай калып, батиринен куулуп калган. 14-октябрда базардан өтүп бараткан алыс тууганы анын 3 кызы менен көчөдө отурганын көрүп калып, базардагы темир контейнерге киргизип койгон», -деп айтылат маалыматта.

Келиндин алыскы тууганын суракка алганда, ал үйүндө киши көп болгондуктан, алып барбаганын айткан.  Аял жаш балдары менен жашап жаткан контейнердин аянты 4 чарчы метрди түзүп, муздак болгон. Ошондой эле, эч тамак-ашы жок экени аныкталган.  Балдар жука, жайкы кийимчен болгон.

Мындан улам, аял балдары менен социалдык мекемеге жайгаштырылды. Анын да, балдардын да өздүк документтери жок болуп чыкты.