04.06.2018 21:34

Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын иши боюнча бир катар жетекчилер ишинен айдалды

Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын иши боюнча бир катар жетекчилер ишинен айдалды

Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн 19 жаштагы кыздын  иши боюнча  жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө аяктады. Жыйынтыгында бир катар жетекчилер кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин ички тергөө кызматы аталган кылмышка жол берген кызматкерлерге карата тыкыр иликтөө жүргүзгөн. Ага байланыштуу, ички иштер органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно бузгандыгы үчүн Чүй ОИИББинин башчысы Н. Сарчаев жана башчынын эки орун басары К. Жумаев, М. Асанов, Жайыл РИИБинин башчысы М. Исмаилов ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Ал эми Жайыл РИИБдин жетекчи орун басары милициянын майору Ж.Абыканов өзүнүн кызматтык милдетин так аткарбагандыгы үчүн ички иштер органдарынан кетирилди. Андан сырткары, Жайыл РИИБдин жетекчи орун басары милициянын майору Б.Чаргынов дагы кызмат ордуна туура келбей тургандыгы аныкталды.

Ошондой эле Жайыл РИИБдин тергөөчүсү милициянын лейтенанты Э.Кадышев ала качуу боюнча түшкөн арызды убагында карабай, өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн иштен алынган. Убактылуу кармоо жайынын жана нөөмөт бөлүмүнүн жетекчи орун басары кенже лейтенант А.Аблабеков да кызматтан кетти.

Ички иштер министри Жунушалиевдин буйругунун негизинде Чүй ОИИБдин жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси милициянын майору Т.Ниязалиев жана Чүй ОИИБдин жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору милициянын капитаны Т.Макашев иштен алынды.

ИИМдин коомдун коопсуздугу кызматынын ыкчам аракеттенүү борборунун жетекчиси милициянын полковниги Э.Орозакунов, Чүй ОИИББдин коомдун коопсуздугу кызматынын жетекчиси, милициянын майору А.Исаков, Чүй ОИИББдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси А.Сакишевге сөгүш жарыяланды.

Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын подполковниги И.Иманалиев, Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө нөөмөттө турган ага милиционер Н.Эсенкулов, райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнүн күзөтүү тобунун кызматкерлери милициянын старшиналары М.Макеев А.Атакулов ички иштер органдарынан кызматтан алынды.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 23 кызматкер жоопко тартылып, анын 5и кызматтан кетирилип, 8 кызматкер иштен алынды. 7 кызматкер кызмат ордуна туура келбей турганы аныкталса, калгандарына дисциплинардык жаза берилген.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Андан сырткары Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин 316-беренеси "Шалаакылык" боюнча кылмыш иши козголгон.