Милиция маршруттук таксидеги чөнтөкчүнү кармады
Маршруттук таксиден акча уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти.
22-июнь күнү белгисиз адамдар тарабынан маршруткадан 22 миң сомун уурдаткан жаран милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Октябрь районунун иликтөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам- иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын ИИББ кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1985-жылкы Н.Б аттуу жаран колго түшүрүлгөн.
Октябрь райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү жаран 2 ай убактылуу кармоочу жайга кармалды.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бары-жогун изилдеп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: