20.03.2018 13:30

Милициянын подполковниги 19кг гашиш менен кармалды

Милициянын подполковниги 19кг гашиш менен кармалды

Тартип сакчысы 19 кг гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР ИИМ кызматкерлери Баткен облусунун  Ош — Баткен жолунан  Honda Inspire үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Унаа башкарган адам милициянын подполковниги болуп чыккан.

Автоунаанын ичин тинткен маалда, ичинен мүшөк табылган.  Анда скотч менен оролгон 16 брикет болгон.  Экспертиза баштыктардагы зат 19 кг 650 грамм салмактагы афган гашиши экенин аныктады.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган милиционер Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.