27.09.2018 11:34

Министр Исакунованын унутулган убадасы, же кызмат адамды канчалык өзгөртөт

Министр Исакунованын унутулган убадасы, же кызмат адамды канчалык өзгөртөт

Жергиликтүү каналдардын бири Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайкүл Исакуновага 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанып жатып, шайлоочулар алдында берген убадасын эскертти. 

«Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер өз сөзүндө: «Ар бир депутат азыркы алып жаткан айлыгы үчүн уялышы керек. Мен Скандинавия өлкөлөрүндө болгондо ал жактын депутаттарында кызматтык батир жок экенин көрдүм. Алар велосипед менен жүрүшөт экен. Мен өзүм велосипед менен жүрүүгө даярмын», -деп билдирген.

Шайлоодо аталган партия жеңишке жетишип, Исакунова Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2016-жылдын 8-ноябрында Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри болуп дайындалган.  

NEXT-TV каналынын маалыматына караганда, учурда министр минип жүргөн «Cadillak XTS» үлгүсүндөгү унаа 44 миң доллардан ашык турат. 

Буга чейин ЖК депутаты Аида Касымалиева Исакунованы үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө чыгып жүргөнүн айтып, сындаган.