05.10.2018 12:43

Министр Исакунованын өкмөттүн уруксааты жок мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө чыкканы тастыкталды

Министр Исакунованын  өкмөттүн уруксааты жок мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө чыкканы тастыкталды

Чек ара кызматы Социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын өкмөт башчы уруксаат бербеген иш-чараларга катышуу үчүн чет өлкөгө чыкканын тастыктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында жазып чыкты.

«Акырындап бардык документтер келе баштады, чек ара кызматынан келген маалыматтар баарын тастыктады. Мен бир эле эпизодко токтолоюн. Министр Таалайгүл Исакунованын АКШ жана Аргентинага сапары. Премьердин макулдугу болгон эмес (тастыктоочу документ тиркелген). Эмгек өргүүсүн алган даталар ушул сапарга туш келет (документ тиркелди).

АКШга болгон сапар акыркы кезде бала сатуу боюнча чуу жараткан бала асыроо темасына арналганына карабастан, бул сапары боюнча министрден отчет жок, себеби премьерден уруксат да алган эмес, бул сапар боюнча маалымат да берген эмес», -деп жазат депутат.   

Буга чейин Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Социалдык өнүктүрүү министрин мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө чыкканы үчүн сынга алган. Анда министр жана орун басарлары чет өлкөдө боло турган семинар, жолугушууларга адистерди жазбай, өздөрүн жаздырышып, премьер-министрдин уруксааты жок эле чыгып кетип жатышканы тууралуу уккканын билдирген. Ошондой эле, эмгек өргүүсү учурунда дипломатиялык паспортту колдонушаарын айткан.  

«Социалдык өнүктүрүү министрлигине ЮНИСЕФтен, башка эл аралык уюмдардан көп эле каражат келет. Алардын айрымдарын биз проценти менен кайрып беришибиз керек. Ал акчалар балдарга, жакыр үй-бүлөлөргө арналган акча. Ал каражат министрдин, же анын жакын туугандарынын чет өлкөгө чыгышын каржылоого жумшалбашы керек. Мендеги такталбаган маалыматтар боюнча, 2017-жылы 2-8-февралда күйөөңүз, анын туугандары Сауд Аравияга барыптыр. Жолго кеткен чыгымды министрлик көтөрүптүр. 2017-жылы июнда күйөөңуз, балаңыз болуп, министрликтин акчасына  Швейцарияга иш сапарга барыпсыз, бирок, барган семинарыңызга катышпай, учактан түшүп эле кетип калыпсыз.  Кийин АКШга, Санкт-Петербургга барыпсыз. Булардын баарына министрликтин акчасы кеткен. Бул маалыматтар туурабы?», -деп Исакуновага кайрылган эл өкүлү Мамлекеттик чек ара кызматынан жана Башкы прокуратурадан бул маалыматты текшерүүнү суранган.