08.10.2018 13:33

Министрдин орун басары Лунара Мамытованын АКШда окуп келүүсүнө казынадан 437 миң сом кеткен

Министрдин орун басары Лунара Мамытованын АКШда окуп келүүсүнө казынадан 437 миң сом кеткен

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин орун басары Лунара Мамытованын 12 күн АКШда окуп келишине 437 миң сом кеткен. Бул каражат Дүйнөлүк банк Кыргызстанга насыя катары берген акчадан алынган, аны эми мамлекет кайтарып бериш керек. Муну тастыктаган документтерди Facebook социалдык тармагындагы баракчасына депутат Аида Касымалиева жазып чыкты. 

Анын айтымында, ушул жылдын жаз айларында Социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө жаңы мыйзамдын күчүнө кирүүсү үчүн кеңири даярдык иштерин жүргүзүшү керек болчу. Бул ишти өткөрүү жоопкерчилиги министрдин орун басары Лунара Мамытовага жүктөлгөн. Бирок, бул учурда, 30-апрелден 11-майга чейин Мамытова АКШда социалдык коргоо маселелери боюнча акы төлөнүүчү базалык курстан өтүп жаткан. Чыгымдар 437 миң сомду түзүп, аны Дүйнөлүк банктан алынган насыялык каражаттын эсебинен мамлекет төлөгөн. 

«Окуу үчүн акча төлөш керек эле. Эч ким эч кимге чакыруу жөнөткөн эмес жана Мамытова калп айткандай, «англис тилин билгени үчүн» чакырган эмес. Министрлер менен орун басарлардын сапарларынын  таблицаларын карап көрсөк,  436 976 сом коротуу - бул рекорд», -деп жазат Касымалиева.

Насыяга алынган дээрлик жарым миллион сом. Бул мамлекеттин бюджети. Бул каражат медициналык-социалдык экспертизаны, маалыматтык тутумду жөлөк пулдардын даректүүлүгүн, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү реформалоо үчүн жумшалышы керек эле. Бул каражаттар эми салык төлөөчүлөрдүн мойнунда. 

Касымалиеванын айтымында, Мамытова АКШда окуп жүргөн маалда, ал көзөмөлдөөчү тармактын иши солгундап, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн  балдарына жөлөк пул берүү 2 ай кечиктирилген.