03.07.2018 14:00

Министрлик: Кош бойлуу аялга №2 төрөт үйүндө ремонт жүрүп жатканы тууралуу маалымат берилиши керек болчу

Министрлик: Кош бойлуу аялга  №2 төрөт үйүндө ремонт жүрүп жатканы тууралуу маалымат берилиши керек болчу

Саламаттыкты сактоо министрлигинде №2 төрөт үйүнүн короосунда болгон окуя боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу  мекеменин консультанты Елена Баялинова билдирди. 

Мекеме адиси Раиса Асылбашеванын айтымына караганда, төрөт үйү пландык ремонт иштери үчүн жабык. Болочок энелер бул тууралуу алдын ала эскертилип, калаадагы башка төрөт үйлөрүнө бөлүштүрүлгөн. Бүгүнкү окуяга туш болгон кош бойлууга  дагы ал каттоодо турган №3 үй-бүлөлүк медицина борборунан маалымат бериш керек болчу.

Иштин чоо-жайы азыр териштирилип жатат. Жүрүп жаткан ремонт иштерин көзөмөлдөп турган №2 төрөт үйдүн дарыгерлери аялга жардам көрсөтүүгө үлгүрүштү. 

Раиса Асылбашеванын айтымында, бала менен эненин абалы жакшы, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

Эскерте кетсек, буга чейин  Instagram социалдык тармагындагы  OMKS VIDEO  жамаатынын баракчасында №2 төрөт үйү аялды кабыл албай коюп, ал короодо төрөгөнү тууралуу маалымат жарыяланган. .