29.03.2018 13:51

Мирлан Бакиров: Оор жүк ташуу темир жол менен каттаса, салык төлөөдө жеңилдик болот

Мирлан Бакиров:  Оор жүк ташуу темир жол менен каттаса, салык төлөөдө жеңилдик болот

“Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров темир жол каттамдарынын ичинен, транзиттик каттам төлөмдөрү 30 пайызга төмөндөтүлүп, бул жүк ташуу тармагына чоң таасир берээрин белгилеп кетти.

Бул жеңилдиктин алкагында, оор жүк ташуучу автоунаалардын каттамдар тармагы иретке келтирилиши керектигин айтты.

“Ош-Бишкек жолунда  оор жүк каттамдарынын айынан жолубуз талкаланып, экологияга зыян келип жатат жана экономикага таасир берип атат.  Эгерде оор жүк ташуу, темир жол менен каттаса салык төлөөдө жеңилдик болот, бир топ жол кырсыктары азаят. Өкмөт өзүңөрдүн токтомуңар менен аныктап, жол жобосун тактап жана мүмкун болушунча, кандай гана товар болбосун, Россия же башка мамлекеттен келеби, оор жүктүн баары темир жол аркылуу алынып келинсе, жеңилдик болот” – деген оюн эл өкүлү билдирди.