16.04.2018 12:00

Митингге чыккан Ош базарынын сатуучулары сүйлөшүү жүргүзүүгө Өкмөт үйүнө чакырылды

Митингге чыккан Ош базарынын сатуучулары сүйлөшүү жүргүзүүгө  Өкмөт үйүнө чакырылды

Ош базарындагы өрттөн товарлары күйүп кеткен соодагерлер кайрадан Өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар базар жетекчилиги келтирилген чыгымды төлөп берүүдөн баш тартып жатканын айтып, коопсуздук чараларын көрбөгөн базар башчысын жоопко тартууну өкмөттөн талап кылышууда.

Айтымдарында, өрттөн аман калган товарларды шылуундар талап-тоноп кеткен.

Чогулгандарга  Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мурадин Тешебаев чыкты. Ал өкмөт бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

«Учурда премьер-министр Сапар Исаковдун токтому менен базардагы өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. Алар өрттүн себептерин иликтеп бүткөн соң, маселени чечүү жолдорун сунушташат», – деп билдирди Тешебаев.

Учурда нааразычылык акциясына чыккандардан 10 адам сүйлөшүү үчүн Өкмөт үйүнө чакырылды.