08.06.2018 14:03

Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагында отурган 59 адам ачкачылык жарыялады

Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагында отурган 59 адам ачкачылык жарыялады

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүүчү абакта отурган 59 адам ачкачылык жарыялады. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) April.kg порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, түрмөдө отургандардын жарымы ачкачылыкты 5-июнда башташкан, кийинчерээк калгандары кошулган.

«Белгилей кетүүчү нерсе, алардын баары орозо кармайт, башкача айтканда, түрмөнүн тамагын жебей,  өзүлөрүнүкүн гана жеп жатышат. Андыктан, аларды толук ачкачылык кармап жатат деп айтууга болбойт. Былтыр да орозо маалында дал ушундай  түрдө «ачкачылык» кармап, колониянын жетекчилигине өз талаптарын коюшкан», - деп билдиришти ЖАМКтан. 

Мекемеден билдиришкендей, он кылмышкер каршылык көрсөтүүнүн белгиси катары ооздорун зым менен тигип алышкан. «Ачкачылык кармагандар экстремизм жана терроризмге айыпталып, кесилгендер. Алар камерадан лагерге которууну талап кылып жатышат. Бирок, мыйзам боюнча ким кандай тартипте кармалаарын ЖАМК эмес, сот аныктайт. Экстремизм жана терроризм менен байланышкан кылмыштарга күнөөлүү болуп кесилгендер жабык камераларда кармалышы шарт», — деп баса белгиледи ЖАМК маалымат кызматы.