15.10.2018 12:00

Москва аэропортунда 3 күн учак күткөн кыргызстандыктар акыры келишти

Москва аэропортунда 3 күн учак күткөн кыргызстандыктар акыры келишти

Москва-Бишкек каттамы менен 12-октябрда учуп келе турган учак бүгүн, 15-октябрда Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинен билдиришти.

Буга чейин 150гө жакын кыргыз жарандары Москва шаарындагы «Домодедово» аэропортунда мекенине кете албай тургандары айтылган. Алардын арасында кичине балдар да болгон.

Маалыматка караганда, каттамдын кармалышына «Эйр Манас» авиакомпаниясынын учагы бузулуп калганы себеп болгон.

Бүгүн, 15-октябрда москва убактысы боюнча түнкү саат 2:16да жүргүнчүлөр Москвадан учуп чыгышты.