30.10.2018 16:25

Москва райондук сотунун судьясы кызматтан четтетилди. Ал жоопко тартылат

Москва райондук сотунун судьясы кызматтан четтетилди. Ал жоопко тартылат

Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгендигине байланыштуу Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна макулдук бергендигине байланыштуу Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Марлес Феликс Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.