17.10.2018 22:40

Москва шаарында бычакталып каза тапкан 19 жаштагы уландын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү

Москва шаарында бычакталып каза тапкан 19 жаштагы уландын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү

Москва шаарында бычакталып каза тапкан 19 жаштагы уландын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Россиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов бүгүн, 17-октябрда билдирди. 

Анын айтымында, каза тапкан Абдурасулов Жума Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан болгон. «Бардык уруксат кагаздарын топтоп, элдин жардамы менен маркумдун сөөгүн 16-октябрда Мекенге жөнөттүк. Токтогулдук жамаатка, такси KG жамаатына, жалпы аттары аталып-аталбай калган бир туугандарга сөөктү жөнөтүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Терең кайгыруу менен маркумдун жакындарына Москвадагы Кыргыз коомчулугунун атынан көңүл айтабыз», -дейт Кошматов.

Эскерте кетсек, Москва шаарында 13- октябрдан 14-октябрга караган түнү метро Кузьминкиде балдар арасында мушташ болуп, 19 жаштагы кыргыз жараны бычакталган. Ал оор жаракат менен ооруканага жеткирилип, бирок 14-октябрда эртең мененки саат 07:30 да реанимация бөлүмүндө каза тапкан. Бычактап салган баланы полиция кармап, адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.