22.06.2018 09:48

Москвада адамдарды коюп кеткен Чыңгыз Анарбек уулун үй камагына бошотуу өтүнүчү жолдонду

  Москвадагы жол кырсыгы (6 материалов)
Москвада адамдарды коюп кеткен Чыңгыз Анарбек уулун үй камагына бошотуу өтүнүчү жолдонду

Москвада 7 кишини коюп кеткен таксисттин жактоочусу сот өкүмүнө каршы доо арыз жазды. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыкты. 

Жактоочу Павел Березин Чыңгыз Анарбек уулун үй камагына чыгарууну өтүнүүдө. Айтымында, Анарбек уулу Кыргызстандын Москвадагы Ордынкада жайгашкан конок үйүндө жашап тура алат.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Андан соң  качып кетүүгө аракет кылган. Бул кырсыктын тасмасы интернетте тарап, таксинин айдоочусу кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган. Бул факт боюнча "Жол кыймылынын эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

18-июнда Таган соту таксистти 2 айга камакка алган болчу. Кырсыктан 7 киши жабыркап, алардын экөө Мексика жарандары болуп чыккан.