15.11.2019 09:21

Москвада бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык ооруканадан табылды

Москвада бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык ооруканадан табылды

Орусияда дайыны табылбай жаткан кыргызстандык ооруканада экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганада, министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 33 жаштагы кыргызстандык келин кайрылып, өткөн айдан бери күйөөсү машинеси менен жумушка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ал адам оор жаракат менен ооруканада экени белгилүү болду. Аны 11-октябрда Москванын айланма жолунан таап, реанимацияга жеткиришкен.

Учурда кыргызстандык жаран кандайча ошондой окуяга кабылганы, машинеси каякта экени териштирилип жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда экенин билдирген. Бүгүнкү күнү орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар.