16.11.2018 18:40

Москвада кыргызстандык таксист кардары унутуп кеткен капчыкты берүү үчүн 8 саат тышта күтүп турган

Москвада кыргызстандык  таксист кардары унутуп кеткен капчыкты берүү үчүн 8 саат тышта күтүп турган

Москвада кыргызстандык таксист жигит кардарынын унаага унутуп кеткен капчыгы менен документтерин бериш үчүн 8 саат үйүнүн алдында күтүп турган. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагына москвалык Варя Борцова аттуу кыз жазып чыкты.

Ал өзүнүн макаласын «Сиздин адамзатына болгон ишенимиңизди калыбына келтире турган окуя» деп атаган. 

Анда кыз таксинин ичинде капчыгын, документтерин унутуп кеткен күндү баяндап берет. 

«Мен таңкы 5:00те Москвага учуп келип, аэропорттон үйгө чейин такси кармадым. Жолдо таксист жигит менен сүйлөшүп келдик. Үйгө келип уктадым. Ойгонгондон кийин ичинде акчасы бар капчыгымды, банктык карталарымды жана документтеримди таксиге унутуп калганымды түшүндүм.

Таксист иштеген фирманы табуу аракетин кылып, жарым саатымды короттум. Бирок, мен аны буюртма менен чакырбай, көчөдөн эле кармап түшүп алганым ишти татаалдатты. Бул убакытта «менин документтерим кылмышкерлердин колуна түштү да, алар менин атымды колдонуп, жаман иш кылышат го, акчама болсо, Сочиде майрамдап атышса керек» деген ойлорду ойлоп ийдим. Узак убакытты талап кылган жагымсыз ишти баштоого—банктык картамды блокко салып, документтеримди калыбына келтирүүгө камдандым. 

Бир маалда эле атам терезени карай калып: «Тышта такси жана бир жигит турат. Сени жеткирген айдоочу болуп жүрбөсүн?», -деди.

Чынында эле, ал мени 8 саат мурун үйүмө жеткирип келген кыргызстандык таксист экен. Ошончо убакыттан бери биздин үйдүн сыртында туруп, үйдөн чыккан ар бир адамдан мени сурап жатыптыр.

Мен дароо чуркап чыктым. Ал мени: «Сиз кайда жүрдүңүз? Киши ушунча да уктайбы? Тышта туруп, тоңуп калдым» деген сөздөр менен тосуп алды.

Мен ыйлап жибердим. Кучактасам, чындап эле үшүп калыптыр. Албетте, азыр ноябрь айы, биз -Россиядабыз. Көрсө, ал да мени такси кызматтары аркылуу тапканга аракет кылыптыр. Бирок, таба албай, үйүмө келип, 8 саат эшикте менин чыгышымды күтүп туруптур. Менимче, тамактанган да эмес окшойт. 

Ал болуп көрбөгөндөй чынчыл адам экен. Бул ишке кубанып да, таңданып да жатып, атын сурабай калыптырмын. Биз ага мени жеткирип келген акчадан 5 эсе көп сумманы бердик. Бул акча мени күтүү менен өткөргөн убакытта жоготкон жумушунун чыгымын жабат деген үмүттөмүн. Анын бул кылганына аябай ыраазымын. Ал жигиттин ата-энеси азыркы заман үчүн ишене алгыс иш кылышыптыр - ушундай чынчыл адамды тарбиялашыптыр», -деп жазат Россия тургуну.

Ал ошондой эле, буга чейин Кыргызстанга бир ирет шашылыш келип кеткенин, бул окуядан кийин дагы бир ирет аталган өлкөнү көрүп кетүү ниети пайда болгонун жазат.