16.08.2018 12:28

Москвада кырктан ашуун мигрантты полиция кармап кетти. Элчилик териштирүүдө

Москвада кырктан ашуун мигрантты  полиция кармап кетти. Элчилик териштирүүдө

Москвада жүргөн кыргызстандык жаран кечээ бир топ чет элдик мигранттарды жергиликтүү тартип сакчылар кармап кеткенин билдирди. Бул туурасында ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анда жазылгандай, кечээ, 15-августта эртең мененки саат 06:10до Москва шаарынын Шкулев көчөсү 15/18 дареги боюнча жайгашкан жатаканага он чакты полиция кызматкери кирип келип, уктап жаткан мигранттарды тургузуп, жарым жылаңач боюнча коридорго тизип, документтерин берүүгө мажбурлашкан. Эмне документ экенин түшүндүрбөй туруп, бир кагазга кол койдурушкан.  Анан 42 адамды автобуска отургузуп, Текстильщики районундагы ИИМ бөлүмүнө алып кетишкен.

«Бул жатакананы бир ишкана толугу менен ижарага алган, бардык кармалгандардын эмгек келишими жана миграциялык каттоосу окшош. Эмне үчүн кармашканын нөөмөтчү Лебедев айтып бере алган жок. Болгону, аларды Ички иштер башкармалыгы текшерип жатканын айтып тим болду. Кыргызстан жараны, 1993-жылы туулган Чекиров Нуруланга документтери жайында экенин айтышты. Бирок, 2 жыл мурун ал 2 жумага Түркияга барып келген экен. Ошого экстремизмге шектеп жатышат, анын үйлөнүү тойдон кийин саякатка барып келгени эч кимди кызыктырган жок. Кыргызстандын дагы бир жараны Жолочиев Алтынбектен дагы 2015-жылы жолдо жүрүү эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөгөн эмессин деп кыйкым таап, өлкөгө кирүүгө тыюу салабыз деп жатышат. Ошондо эле анын күбөлүгүн алып коюшкан болчу. Бул эреже бузуудан кийин 3 жыл өткөнү, з жылдан кийин кирүүгө тыюу салууга болбой турганы менен эч кимдин иши жок окшойт. Мына ушундай кыйкымдар менен кармалгандын баары полиция бөлүмүндө кармалып турушат», - дейт ФБ колдонуучусу.

Ал ошондой эле, кармалгандардын  жактоочуга, котормочуга болгон укугу тебеленип жатканын, мигранттар келген өлкөнүн элчиликтерине билдирүү жөнөтүлбөгөнүн, 3 сааттан ашык кармоо мыйзамга туура келбесин кошумчалады. 

April.kg порталына КРнын Россиядагы элчилиги учурда бул маалымат такталып жатканын жана жерине консул жөнөтүлгөнүн билдиришти.