28.09.2018 14:46

Москвада кызды зордуктоого шектелген жарандын паспортунун мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болду

Москвада кызды зордуктоого шектелген жарандын паспортунун мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болду

Москвада 21 жаштагы кызды зордуктап, тоноп кетти деп изделип жаткан кыргыз жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда April.kg порталына  КРнын Россиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

«Иликтөө иштеринин алкагында издөө жарыяланган кыргыз жаранынын паспортунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды. Полиция кызматы эми ал адам жардам сурап элчиликке кайрылышы мүмкүн деп тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө», - деп билдиришти элчиликтен.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-сентябрда орус ЖМКлары Тимирязев районунун аймагында  24-сентябрга караган түнү кызды зордуктоо фактысы орун алганын жазып чыгышкан. Окуя болгон жерден полиция кызматкерлери сыранын идиштерин, жабырлануучунун ич кийимин, «Уинстон Черчилл. Политик на все времена» китебин жана ичинде 29 жаштагы кыргыз жаранына таандык паспорт, документтер бар капчыкты таап алышкан. Документтин ээси кылмышка шектүү катары эсептелип, ага издөө жарыяланган.