12.10.2018 10:06

Москвада жөө адамдарды сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулуна сот өкүмү чыгарылды

Москвада жөө адамдарды сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулуна сот өкүмү чыгарылды

Москва шаарында футбол боюнча дүйнө чемпионаты маалында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу бошотулду. Бул туурасында «Замандаш» саясий партиясы билдирди. 

Маалыматка караганда, Москва шаарынын Тверь райондук соту кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулун абактан бошотуп, 1,5 жылга кара жумушка кесүү менен, айлык маянасынан 15% кармап, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыратты.  

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-июнь күнү Москвада руль башкарып бара жатып, уктап кетип жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулуна карата Россия федерациясынын кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ( Жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен иш козголгон. 

Жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, бешөө алган жаракаттары жеңил болгондуктан, ошол эле күнү ооруканадан чыгарылган.