11.10.2018 08:30

Москвадагы кыргыз мигранттарга өзүн алып жүрүүнү үйрөтүшөт

Москвадагы кыргыз мигранттарга өзүн алып жүрүүнү үйрөтүшөт

«TONG JAHONI» Эл аралык уюму Москвадагы кыргыз мигранттарга «Школа мигранта» деп аталган акысыз тренинг өткөрөт. Бул тууралуу РФдагы Кыргызстандын Элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Тренинг ар бир айдын акыркы жекшембисинде саат 12.00дөн 18.00гө чейин  өтмөкчү. Анда мигранттарга полиция менен кантип баарлашуу керек, ижарага батир алуу,  айлык акыны кантип төлөтүү, медициналык жана социалдык жардам алуу, жумушка мыйзамдуу түрдө орношуу, үйдө , көчөдө укук коргоо органдары тарабынан текшерүү болгондо өзүн кандай алуу керек, сотто өз укугун коргоо сыяктуу эң керектүү кырдаалдар боюнча кеңештер оюн түрүндө түшүндүрүлөт.

Тренингдин катышуучуларына керектүү бланк, документтердин үлгүлөрү таркатылып, бекер тамак берилет.

Ошондой эле уюм мигранттарга миграциялык, консулдук маселелер боюнча акысыз жардам берүүгө даяр юристтер үчүн 40 академиялык сааттан турган  атайын курстар уюштурулууда.

Мындан сырткары, юридикалык билими жок, бирок эмгек мигранттарына жардам берип жургөн диаспоралык уюмдардын активисттери жана мүчөлөрү үчүн тренигдер өткөрүлөт. 
«Көрсөтүлө турган бардык кызматтар - акысыз.

Каалоочулар: +7(903)148 96 36, + 7(903)169 91 61, + 7(903)169 29 20 телефон номерлери аркылуу байланышса болот», -деп билдиришет маалымат кызматтан.