23.08.2018 16:13

Муфтият: Араванда мечиттен өрт чыгып, адам өмүрү кыйылды деген маалымат туура эмес

Муфтият: Араванда мечиттен өрт чыгып, адам өмүрү кыйылды деген маалымат туура эмес

Араван районундагы Гүлбар айылында мечит эмес, намазкана күйгөн. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан билдиришти.

Муфтият мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан «мечиттен өрт чыгып, андан 2 адам каза болду» деген маалыматты төгүндөп, ал жерде эч кандай мечиттин күйбөгөндүгүн жана мечиттен адам өмүрү кыйылбагандыгын маалымдайт.

Керме-Тоо айыл аймагынын баш имам хатиби Райымберди ажы Тиллебаев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына берген маалыматы боюнча,  Ош–Араван жолунун 13-чакырымындагы жол боюнда наабайкана, ашкана орун алган. Наабайкана менен ашкана кызматчылары  таң эрте жумушка келишип, газ балонду иштетели дегенде кандайдыр бир себептерден улам газ баллон жарылып, 2 адам каза болгон.

Ал эми өрт өчүрүү кызматкерлери келип, каза болгон жарандарды чыгаруу менен алек болуп жатканда өрт наабайкана менен ашкананын  башка бөлүктөрүнө уланып, имаратты толугу менен күйгүзгөн. Ошондой эле өрт наабайкана менен ашкананын жанындагы 2 кабаттуу имаратка жабышат. 2 кабаттуу имараттын 2-кабатында  наабайкана менен ашкананын  ээси тарабынан жолоочулар үчүн ачылган чакан намазкана орун алып, ал учурда намазканада эч ким болгон эмес жана намазкана толугу менен күйгөн эмес.

«Эскерте кетсек, бул намазкана каттоодон расмий өткөн эмес жана ага Ош облустук казыяты тарабынан эч кандай имам дайындалган эмес», -деп жазат муфтият. Ошондой эле, өрт чыккан айылдагы мечиттин сүрөтүн жарыялады.