Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышат, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы «Жийде-Бак» үрөн чарбасынын иши менен таанышат.
Ошондой эле Премьер-министр Ак-Талаа районундагы Ак-Талчак көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ат-Башы ГЭСинин иши менен таанышат.
Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн каралган турак-жайдын курулушунун жүрүшүн көрүп чыгат жана Нарын облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы менен таанышмакчы.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: