23.04.2018 18:43

Мухаммедкалый Абылгазиев: Санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл буруу керек

Мухаммедкалый Абылгазиев: Санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл буруу керек

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  мүчөлөрү  жана өлкөнүн административдик ведомство жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Анда өкмөт башчы коомдун көйгөйлүү маселелерин эске алуу менен биринчи кезектеги милдеттенмелерди ыкчам ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында,  «Ишеним, биримдик, жаратмандык» өкмөттүк программасынын алкагында, аймактык өнүктүрүүгө, айыл чарба тармагына, энерготутумду реформалоого, социалдык өнүктүрүүгө жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишине алдыңкы санариптик технологияларды киргизүүгө артыкчылыктуу маани берилет.

«Ишеним, биримдик, жаратмандык» өкмөттүк программасын ишке ашырууда биз коомдогу бардык көйгөйлөрдү камтуубуз керек. Мындан тышкары, ал Кыргызстанды 2040-жылга дейре туруктуу өнүктүрүү стратегиясы менен интеграцияланышы тийиш», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле анын айтымында, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, КР Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык, «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна жана «Акылдуу шаар» долбоору сыяктуу заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Премьер-министр атамекендик экономиканы «көмүскөдөн» алып чыгуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи, ага байланыштуу салык жана бажы тармагындагы түзүмдүк өзгөртүүлөр зарыл.

 Буга катар Өкмөт башчы өлкөгө тартылып жаткан инвестициялардын тийиштүү коргоого алынышын камсыздоо жана чет элдик инвесторлор үчүн максималдуу түрдө жагымдуу шарттарды түзүүнүн зарылдыгына токтолду.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө калкынын атамекендик экономикалык тутумга карата ишенимин жалпы тармактын ишмердүүлүгүн натыйжалуу реформалоо жана анын ишинин ачыктыгын камсыздоо жолу аркылуу жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, атамекендик фермерлерди жана дыйкандарды колдоого алуу жана айыл чарба продукциясынын тийиштүү сапатын жана көлөмүн камсыздоо аркылуу экспортко багытталган экономиканы уюштуруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Биздин атамекендик айыл чарба продукциясы чет мамлекеттердин рыногунда кеңири тартууланышы керек. Өкмөттүн бул маселедеги негизги милдети жер иштетүүчүлөр үчүн зарыл шарттарды түзүү жана тийиштүү көмөк көрсөтүү болуп саналат», - деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бир ирет министрлик жана ведомство жетекчилеринин ачык-айкын иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгилеп, аларды активдүү жана натыйжалуу ишке чакырды.

Кеңешменин жүрүшүндө “Ишеним, биримдик, жаратмандык” өкмөттүк программасын ишке ашыруунун деталдык планын иштеп чыгуу тапшырылды.