02.05.2018 17:52

Мукар Чолпонбаев: 3,8 млрд долларлык векселдерди ээсинен башка эч ким колдоно албайт

Мукар Чолпонбаев: 3,8 млрд долларлык векселдерди ээсинен башка эч ким колдоно албайт

«Юникредит банктын» $3,8 миллиондук вексели эч кандай баалуулукка ээ эмес. Бул туурасында бүгүн 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда ишкер Абытбек Атарбековдун жактоочусу Мукар Чолпонбаев билдирди.

Агенттик билдиргендей,  Жогорку Кенештин  «Ата Мекен» фракциясы жаңы баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго векселдер каякта экенин аныктоону тапшырды.

«Вексель — баалуу кагаз. Ал номиналдуу же андан төмөн наркы менен жайылтылат. Векселди  аныкталган мөөнөттө кайтарып бергенде, анын толук наркы төлөнөт.  Бизде 380 вексель бар, алардын ар биринин наркы 10 миллион доллар. 2010-жылы Атарбековго карата акчанын изин жашыруу жана аткезчилик үчүн кылмыш иши ачылган. Сот аны актап чыккан менен, векселдерди мамлекеттин кирешесине алып коюшкан. Алар эч кандай  баалуулукка ээ эмес. Векселдер Кыргызстанда, эч жакка ташылып кеткен жок. Башкы прокуратура алар эч кандай баалуулукка ээ эмес экенин түшүнгөндө, доо арызды кайтарып алып, векселдерди ээсине кайтарып беришкен», — деп түшүндүрдү  Мукар Чолпонбаев.

Ал ошондой эле, биринчи класстагы банктардын кепилдигисиз векселдер эч кандай баалуулукка ээ эмес экенин билдирди.  «Абытбек Атарбековдон башка эч ким аны колдонууга укугу жок, анткени алар арналуу баалуу кагаздар. Кыргызстанда да, Казакстанда да векселди акчалай берүүчү биринчи класстагы банктар жок», — деп белгиледи жактоочу.

Ошондой эле, Мукар Чолпонбаев Абытбек Атарбеков  учурда европалык компаниялар менен Кыргызстанга инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, бул иш ага векселдерин акчага алмаштырууга тоскоолдук жаралбаса гана ишке ашаарын кыйытты.  

Эскерте кетсек,  Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев   Абытбек Атарбеков  «Юникредит банктан» $3,8 миллиондук векселди уурдап алганын билдирген. Бул үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес.