02.05.2018 13:05

МУКК айлык маянасын мыйзамсыз көбөйтүп алгандарды аныктады

МУКК айлык маянасын мыйзамсыз көбөйтүп алгандарды аныктады

Улуттук коопсуздук кызматы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ЖАМКтын механикалык көчмө колоннасынын кызмат адамдары  тарабынан кызматтарын кыянаттык менен пайдаланган учурду аныктады. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.

Текшерүүдө, механикалык көчмө колоннанын  жумушчуларынын айлык акысы мыйзамсыз жогорулатылгандыгы, ошондой  эле, түзөтүүчү мекемелерди курууда куруу-монтаждоо иштерине мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө тартип бузуулар болгону аныкталган.

Муну менен мамлекет казынасына 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Ошондой эле, мурдараак МУКК кызматкерине пара берүү беренеси менен кармалган механикалык көчмө колоннанын жетекчиси  кош жарандуулукка ээ экени аныкталды. 

2 - майда чогулган материалдардын негизинде КР Атайын прокуратурасы 304, 171, 189, 350, 306, жана 315-беренелер боюнча кылмыш ишин козгоду.