16.05.2018 16:20

МУКК: Орто-Сай базары кадимки режиминде иштеп жатат

МУКК: Орто-Сай базары кадимки режиминде иштеп жатат

Орто-Сай базарынан жарылуучу зат табылган жок, учурда соода жай кадимки тартибинде иштеп жатат. Бул туурасында МУККтын маалымат кызматынан билдиришти. 

 Бүгүн, 16-май күнү түшкү саат 12:30 чамасында Бишкек шаарындагы «102» нөөмөт кызматына белгисиз адам борбор калаадагы Орто-Сай базарына бомба коюлганын билдирип качып кеткени туурасында билдирүү түшкөн. 

Жерине токтоосуз түрдө КР ИИМ жана МУКК кызматкерлери келишип, Орто-Сай базарынын аймагы курчоого алындыТекшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдар жана жардыруучу заттар табылган жок.

МУКК телефон чалган адамды аныктап табуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларын улантууда.