02.08.2018 17:17

Мурас-Ордо конушу: ток чубалгылары жашоого коркунуч жаратууда

Мамлекет жеке менчикке кол салып жатабы? Мындай суроо "Мурас-Ордо" жаңы конушунун тургундарынын тынчын алууда. Бул аймак ордо калаанын Биринчи май районуна карайт. Анын айрым жашоочуларынын колунда документтери турганына карабай, короолоруна эч кандай уруксаатсыз эле көмөк чордондор жайгаштырылган. Ал эми электр чубалгаларын жашоочулар өз алдынча үйлөрүнө тартып алышкан. Мурас-Ордолуктар менен энергетиктердин ортосундагы чыңалуу туурасында кабарчыбыз билип келди.