21.05.2018 09:29

Мурунку мэр Кубанычбек Кулматовго айып тагылууда

Мурунку мэр Кубанычбек Кулматовго айып тагылууда

МУККтун башкы тергөө башкармалыгы Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду 303-берененин 1-пунктуна ылайык, "Коррупция" фактысы боюнча айыптоодо.

Коопсуздук кызматы, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде, кытайлык компания берген 2 млн долларды максатсыз колдонгон деген маалымат таратты. Каражатты TBEA компаниясы "Бишкек ЖЭБин жаңылоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында  аймактарга 2 жаңы мектеп куруу үчүн берген. 

Маалыматта мурунку мэр ал акчаны "Калыс-Ордо жаңы конушу мектепке муктаж экенин айтып, өкмөттүн карамагынан Бишкек шаарынын мээриясынан эсебине котортуп алган", -деп айтылат. 

Кулматов кутумчулуккка барып, эч кандай тандоо жүргүзбөстөн  "Альто Групп" ЖЧКсынын башчысы менен келишим түзгөн. Мындан улам, кытай компаниясы 1 млн долларды аталган жеке компаниянын эсебине которуп берген. Ошондой эле, шаардык казынадан бул мектептин курулушун бүтүрүү үчүн кошумча 100 млн сом бөлүнгөн.  

Учурда, жеке компаниянын жетекчилеринин бири МУККтун убактылуу кармоочу жайында. Кулматовдун жана бул ишке тиешеси болушу мүмкүн делген  Бишкек мэриясынын кызматтык адамдарынын, жеке компаниянын жетекчисинин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү.