13.05.2018 17:00
Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду кайра УКМКга суракка чакырышты
Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду кайра УКМКга суракка чакырышты. Бул туурасында April.kg порталына өздүк булактан белгилүү болду.
Сурак 14-майга, саат 10:00гө белгиленген. Эскерте кетсек, Сапар Исаков буга чейин 26-апрелде УКМКда болгон болчу. Анда мурунку өкмөт башчыны Бишкек ЖЭБиндеги модернизация боюнча күбө катары чакырышкан эле.
Сапар Исаковду коопсуздук кызматындагылар 3 саатка жакын сурашкан.
Чыккан соң, ал кабарчыларга: "Сөзсүз түрдө бардыгы иликтениши керек. Бул -туура. Коомчулук бул иштин бардык тарабын билиши керек", -деп билдирген.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: