28.08.2018 10:12

Мурунку вице-мэр Макенов үй камагына чыгарылды

Мурунку вице-мэр Макенов үй камагына чыгарылды

Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри Ренат Макеновду камакта кармоо мөөнөтүн узартууну карады. Бул өтүнүчтү сотко УКМК тергөөчүлөрү жолдошкон, деп жазат 24.kg. 

Маалыматта, сот Эмил Каипов Ренат Макеновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына бошоткону айтылат. 

Эскерте кетсек, Ренат Макеновду Бишкек шаарында жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн алкагында кармашкан. Тергөөнүн божомолуна караганда, Макенов мэриядагы айрым жетекчилик кызматта отурган адамдар менен сүйлөшүп алып, жер тууралуу мыйзамдарды бузуу менен Бишкектин түштүк аймагынан 3,5 гектар жер аянтын жалган жеке колго пайдаланууга өткөрүп берген.