19.10.2018 12:03

Муздак контейнерде 3 кызы менен жашап жаткан Тахмина күйөөгө чыкты

Муздак контейнерде 3 кызы менен жашап жаткан Тахмина күйөөгө чыкты

Үч кызы менен Кара-Балта шаарында муздак контейнерде жашап, кийин милиция  кызматкерлери аркылуу социалдык  жайга  жайгаштырылган Жаныбек кызы Тахмина күйөөгө чыкты, деп жазат turmush.kg

Агенттиктин маалыматына караганда, бул окуянын эртеси эле келинди 46 жаштагы Солдатбек Жусупов аттуу киши издеп келип, үйлөнүү максатында үйүнө алып кеткен. Ал мурда үйлөнүп, бир баласы менен былтыр жазында ажырашкан. Азыр Кара-Балта шаарында апасынын үйүндө жашап, шаардан жер тилкесин алып, үй салып жаткан.

«Бир нече күн мурун мага таанышым келип, контейнерде 3 кызы менен жакшы келин жашап жатканын айтты. Ал менин үйлөнүү максатымды билчү. Таанышып көрүүнү сунуштады. Мен дароо эле «ичпейт бекен?» деп сурадым. «Жок» деген жоопту угуп, келинди сыртынан көргөнү бардым. Анан үйгө келип, туугандарыма түшүндүрүп айттым. Балдарга боорум ооруду. Эртеси Тахминаны алып кетейин деп келсем, ордунда жок экен. Аларды социалдык жайга алып кеткенин угуп, артынан келдим», - деген ал.

Үй-жайы жок адамдар жашаган жерге келип, Тахминаны таап, үйлөнө турганын, кыздарын багып алаарын айтып, чогуу кетүүнү сунуштаган.  Келин макул болгон.

«Солдатбек 3 кызы бар келинге үйлөнгөнү жатканын укканда, аябай кубандык. Ал кичине балдарды жакшы көрөт. Биз Тахминаны жакшы кабыл алдык», - деп айтып берген Солдатбектин эжеси Замира.

«Үйүн салып бүткүчө Тахмина Солдатбектин апасыныкында жашап турат. Жазында өз үйлөрүнө көчүп киришет. Солдатбек кыздардын тилин таап, сүйлөшүп кетти. Ошол эле күнү алар нике кыйдырып, үйлөнүштү», -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, агенттикке Тахминанын мурунку күйөөсү аялын кыз төрөй бергени үчүн 3-кызы боюнда бар кезинде таштап кеткени белгилүү болгон.