Музейдеги оңдоо иштери: куруучу фирма башчысы менен маек

Музейдеги оңдоо иштери: куруучу фирма башчысы менен маек

Учурда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин  ичин жасалгалоого кеткен каражат эл оозунан түшпөй,  600 долларлык аттиштерден кийин эле кызуу талкуу жараткан ар бири 600 долларга алынган 58 даана “Барсбек” инсталляциясы менен  ар бири 1 млн сом турган аттар болду. Анан да музейге коюлган эмеректердин кымбаттыгы айтылды. 

Мындан улам, April.kg порталынын кабарчысы  Мамлекеттик тарых музейиндеги оңдоп –түзөө  иштери менен  алектенген “СМУ-3” ЖЧКсынын башкы директору  Айдарбек Мендеев менен маектешип келди.

-Музейдеги оңдоо иштеринде сиздин компания эмне менен алектенгенин айтып берсеңиз?

-2017-жылы май айында, өткөрүлгөн конкурстун  жыйынтыгында өкмөт аралык комиссиянын чечими менен музейдеги оңдоо иштерин жүргүзүү бизге берилген. Ага чейин бизге конкурска катышууга чакырык кагаз келип, керектүү документтерибизди тапшырып, конкурска катышканбыз. Билишимче, 5-6 компания катышкан. Өкмөт аралык комиссиянын чечими менен 1-2 күндөн кийин оңдоо иштери бизге тапшырылганын тастыктаган кат алдык. Биз ошол боюнча келишим түздүк. Орусча айтканда, “единый заказчик” болдук.  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдында  Турак жай-жарандык курулуш департаменти бар, ошол департамент менен баштапкы келишим 650 млн сомго түзүлдү.

- Кийинчерээк дагы каражат кошулуптур. Эмне себептен?

- Себеби, бул курулуш жумуштарын  биз карап чыктык. Техникалык  тапшырмасында  жылуулук киргизүү,  вентиляция орнотуу, кондиционер коюу,  күзөт-өрт сигнализациясы дегендер да каралыптыр.  Мурда 2 лифт болсо, дагы  2 кошумча лифт коюш керек деген сыяктуу техтапшырмалардын негизинде  смета түзүп, тапшырык кылгандар менен такташтык.  Мына ушул кошумча жумуштарды эсептегенде, дагы каражат керек болду. Сметанын баары жаңы баалар менен түзүлөт. Бааны болсо, ойдон албайбыз.   

-  Бул смета кайсы өкмөттүн учурунда түзүлдү?  

-  Мамлекеттик түзүмдө иштебеген соң, кимдин өкмөтү, кайсы бийлик деп кызыкпаптырбыз. Эми гана ЖМКларда айтып баштаганда билип отурам. Бизге бул объект 2017-жылдын май айында берилген. Биз болгону өз ишибизди КР закону боюнча так, туура жана  сарамжалдуулук менен аткарып бердик.

- Музейге коюлган инсталляция жагын кимдер тейледи?

- Курулуш жагынын баарын курулуш компаниясы тейледи.   Ал эми  дизайн менен алектенүүчү немецтик компанияны Маданият министрлиги таап келди.  Канча сандагы жана кандай эмерек алыш керектигин, аларды кайда коюш керектигин комиссиянын мүчөлөрү өздөрү чечип, анан мына ушуларга буйрутма бердик деп мага түшүндүрүп айтып жатышты.

Дизайн менен алектенген «Витринен унд Гласбау Райер гмбх»  компаниясы, менин билишимче, 2012-жылдан баштап, Кыргызстанда чоң музей ремонт болоорун билип, аларды Маданият министрлигинде иштегендер  чакырышып, ошолор менен иш алып барып баштаптыр.  Бул компания Россияда, Англияда музейлердин дизайны менен иштеп жүргөн компания экен.  Алар бизге музейдин концепциясын дүйнөлүк стандартка ылайыктап   жасап бере турганын айтышты.  Ошол боюнча өкмөт аралык комиссия «Витринен унд Гласбау Райер гмбх» компаниясын тандап алып атышпайбы. Алардын концепциясы министрликке жагып,  көп сүйлөшүүлөрдөн кийин баалары такталып, иш башталды. Алар интерьер боюнча көп сунуштарды беришти. Биринчи кезекте келишимди алар менен мен түзг өнүмө байланыштуу мени менен кеңешип, өз көз караштарын айтып, полдон шыпка  чейин айтып,  айнектер, эшиктер кандай болуш керек, дубал кандай өңдө  болуш керек экенинен өйдө кеңеш беришти.

-Музейге алынган эмеректер тууралуу айтып берсеңиз?

- Музейдин 120 кызматкери бар экен. Алар үчүн эмеректерди Кыргызстанда эле, ата мекендик өндүрүүчүлөр, өзүбүздүн материалдарды пайдаланып жасашты. Ал эми музейге келе турган коноктор үчүн кымбат баалуу эмеректер алынып келинди. Кымбат баалуу дегенде кандай? Биз үчүн кымбат десек болот. Болбосо, өнүккөн өлкөлөрдүн музейиндегидей эмерек койгонго чамаңар жетпейт го деп, орто баадагы, бирок көпкө кызмат кылып бере тургандай, сапаттуусун тандашыптыр.

- Бул инсталляция, эмеректерди жасоо, сатып алуу идеясы кимге таандык?

-Бул жерде тапшырык берүүчү Маданият министрлиги. Алар өз ойлорун айтышты. Дизайн боюнча консультант немец фирмасы – алар өз оюн айтышты. Ортодо бир келишимге келип, акча каражаты которулуп, анан эмерек, инсталляция алынып келинди.

-Ар бир бир млн сом турган аттар да көп талкуу жаратып жатат. Алар кайдан келди?

-Аттар боюнча суроону Маданият министрлигине бериш керек.   Ат коюп, аттын фонунда кыргыздын  улуттук ат жабдыктарын көрсөтөлү дешкен да. Ак фондо жакшы көрүнөт деп, ушундай буйрутма беришти. Кайсы мамлекеттен келгенин айта албайм, эмеректер болсо,  Италиядан, Германиядан, Испаниядан алынып келинди. Ар биринин  паспорту бар.

Азыркы стандарт боюнча, Кыргызстанга кирип атканда,  экспертизадан өтүш керек экен, шайкештиги боюнча сертификаттарга жооп береби, адамга зыяны барбы-жокпу ошонун баары  лабораторияда иликтенип, документтери бизде бар.