11.07.2018 13:37

Нариман Түлеев: Конфискациялайбыз деген үй мыйзамдуу алынганы далилденген

Нариман Түлеев: Конфискациялайбыз деген үй мыйзамдуу алынганы далилденген

Нариман Түлеев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына мурунку жубайынын үйүн тартып алуу аракеттери тууралуу пикирин калтырды.

«Мыйзамды, адам укугун жана акыйкаттыкты жогору койгон бир дагы укуктук мамлекет бүгүнкүдөй көрүнүшкө жол бермек эмес. Мен муну менин жакындарыма болгон сокку катары гана эмес, адам укугун каалагандай тебелеп-тепсегендердин оюну катары баалайм. Азыр сот аткаруучулар менен Маммүлк фондунун кызматкерлери тартып алууга аракет кылып жаткан үйдө менин мурунку аялым балдарым менен көптөн бери жашап келет. Ал үй мен мэр боло электе эле биздики болчу. Көптөгөн текшерүүлөр - мүлктүн келип чыгышы мыйзамдуу экенин далилдеген. Бир дагы мыйзам адамдын жашап турган жападан жалгыз үйүн конфискация кылууга жол бербейт. Бирок, буга карабай, мындай көрүнүш орун алууда»,- деп жазат Түлеев.