11.07.2018 11:43

Нариман Түлеевдин мурунку аялынын үйүн тартып алып жатышат. Үй-бүлө президентке кайрылды

Нариман Түлеевдин мурунку аялынын үйүн тартып алып жатышат. Үй-бүлө президентке кайрылды

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мурунку аялынын үйүн тартып алуу аракеттери көрүлүүдө. Мындан улам, үй-бүлө мүчөлөрү – Мира Сыдыкова, Санжар Нариман уулу жана Назгүл Түлеева Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту.

Анда буга чейинки  Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Башкы прокуратура жана башка бир катар органдарга, жадагалса, президент аппаратына жазылган кайрылуулары жоопсуз калганы айтылат. 

«Бизди катыштырбай, бизге билдирүү жибербей эле соттор биздин тагдырыбызды чечип жатышат. Алар чечимди кайсы бир адамдардын аттарына чыгарышууда. Үйдөн чыгаруу тууралуу чечимди ал үйдө туруктуу жашагандарга эмес, чоочун адамдардын атына чыгарганы кандай? 11-июлга  Славгородская дарегиндеги мен жашаган үйгө чоочун адамдын атына эскертүү келип жатат. Ал жерде мен  – Сыдыкова Мира, Нариман Түлеевдин мурунку аялы жана балдарынын апасы жашайм. Үйдү 2006-жылы эле сатып алганбыз. Ал менин уулум Санжарга таандык, бирок, эскертүүдө Рахимов Алымжан деген адамдын аты-жөнү көрсөтүлүптүр»,- деп жазылат кайрылууда.

Мына ушундай түшүнүксүз схемалар менен үйдү тартып алуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирет.

«Биздин үй өкмөт башчыга жагып калыптыр деп атышат. Ал кандай жол менен болсо да, тартып алуу буйругун берген имиш. Премьер-министр анчалыкка барбайт болуш керек деп ойлойм. Бирок, сотто да ушундай сөз болду, бирөөнүн көзү түшүп калып, аны батыраак рейдерлик жол менен тартып алайын деп жаткан экен»,- дейт Мира Сыдыкова. 

Соттор сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү жана Маммүлктү башкаруу фонду менен биргеликте мыйзамсыз иштерди  жасап жатат деген арыздануучу президентке кайрылат:

«Биз эми ЖМКлар аркылуу түздөн-түз сизге кайрылабыз. Курамында көз карандысыз эксперттер бар бейтарап комиссия түзүп, акыркы чечим чыгарып бериңиз. Биз сизден законду аттап өтүүнү сурабайбыз, болгону мыйзамдуулукту жана Конституцияны коргоого алууңузду сурайбыз».