05.04.2018 11:07

Нарын облусундагы оорукана муктаждыгы ЖК жыйынында айтылды

Нарын облусундагы оорукана муктаждыгы ЖК жыйынында айтылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков Нарын облусунун тургундары оорукана  жетишсиздигинен кыйналып жатканын билдирди. Айтымында, учурда Нарын облусунда  бир гана оорукана бар. Ал эми облус калкынын саны  280 миң адам.

 «Бүтүндөй бир облустун оорулуу адамдарын Нарын шаарында жайгашкан жалгыз ооруканага батыруу кыйын» , -дейт эл өкүлү.

Депутат мурда  Нарын шаары менен Нарын районунун тургундары үчүн өзүнчө оорукана куруу планы болгонун, бирок, эмнегедир ал  демилге создугуп кеткенин кошумчалады. Ошондой эле, Өкмөттөн бул маселени чечип берүүнү суранды.