14.11.2018 11:32

Нарын шаардык сотунун судьясына карата кылмыш иши козголду

Нарын шаардык сотунун судьясына карата кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тарабынан Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробековага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин  305-беренеси (кызматтык укугунан аша чабуу) жана 328-берене (Көз көрүнөө мыйзамсыз өкүм, чечим же сот токтомун чыгаруу) менен кылмыш иши козголду. Бул туурасында бүгүн, 14-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. 

2017-жылдын 14-сентябрында судья Жоробекова кезектеги кылмыш ишин карап жатканда, жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү М.А. Т.Ж. Б.А. жана Т.А. сотту урматтабастык көрсөтүп, мамлекеттик айыптоочу сүйлөп жатканда сөзүн бөлүп, соттун эскертүүлөрүнө көңүл бурбай, отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетишкен.

Судья дароо өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, ачылбаган кылмыш ишине «Сотту сыйлабастык токтомун» чыгарып, жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү М.А. Т.Ж. Б.А. жана Т.А.ны 321-берене (сотту сыйлабастык) боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирине 10 миң сомдон айып пул салган.

Нарын шаардык сотунун жогорудагы токтомуна карата Нарын шаардык прокурору А.А. тарабынан Нарын облустук сотуна аппеляциялык сунуштамасы киргизилген. 2017-жылдын 23-октябрында облустук сот Жоробекованын 14-сентябрдагы токтомун жокко чыгарган.  

Айнагүл Жоробекованын мыйзамсыз иш аракеттери  Т.А., М.А., Б.А., жана Т.Жнын жаран катары укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган. 30-октябрда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Жоробековага айып тагып, кылмыш ишти кароону Биринчи Май райондук сотуна жөнөттү. 

Эскерте кетсек, КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук бергенине байланыштуу Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова октябрдын башында Президенттин жарлыгы менен кызматынан четтетилген болчу.