24.04.2018 16:14

Нарын шаарынын эки окуучусу Эл аралык олимпиадада жеңишке жетти

Нарын шаарында жайгашкан В.П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын эки окуучусу  Москва шаарында өткөн XX Эл аралык «ИнтеллекТ»  олимпиадасында байгелүү орундарга  ээ болушту. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен кабарлашты.  

Иш-чарага Канада, Мальта, Түштүк Корея, Кытай, Литва, Латвия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия жана Кыргызстандан барган 2-11-класстын 300 окуучусу катышты. 

Мектеп окуучулары орус, англис тилдери, математика, химия, физика,  биология, география жана тарых сабактары боюнча күч сынашкан.  Ошондой эле, музыкага, хореографияга, көркөм сүрөт өнөрүнө болгон  жөндөмү текшерилген. Ар бир курак боюнча 18-20 бала таймашты.

5-класстын окуучусу Шарипова Дарина 5-6 –класстар арасында 1-орун алса, 9-класстын окуучусу Тиленбаева Айжамал өз курагындагылар менен күч сынашып, 3-орунду ээледи.