28.03.2020 14:50

Нарында Лимонти аттуу кримтөбөлдү мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти

Нарында Лимонти аттуу кримтөбөлдү мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти

Нарында “Лимонти” аттуу каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмаз Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу күч органдарынын кызматкерлери билдиришкен.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 28-мартта болжол менен саат 13.30 чамасында Нарын шаарынын борборунда жүз берген. Алдын ала маалыматтарга караганда, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн ошол эле чөйрөдөгү кримтөбөлдүн баласы сайып кеткен. Такталбаган маалыматтарга таянсак, анын атасын убагында Лимонти өлтүрүп кеткен. Шектүү колго түшүрүлдү.

Алмаз Сулайманов Чүй облусунун Беловодск айылындагы №16-колонияда жазасын өтүп жатып, өткөн жылдын август айында Балыкчы шаарындагы колонияга которулган.