02.08.2018 18:09

Нарындагы Таш-Рабат тууралуу кызыктуу фактылар

Жол үстүндөгү жолоочулардын кербен-сарайы же болбосо диний курулуш болгон Таш-Рабат айланасында ушундай талаштар жүрүп келет. Орто кылымга таандык курулуш Союз маалындагы супсак мамиленин айынан жоголуп кетүү коркунучуна туш болуп, кийин оңдоп түзөлгөн эле. Азыр бир гана Кыргызстандыктар эмес, байыркылар калтырып кеткен байлыкка кызыгып, чет өлкөдөн келген туристтердин саны өстү. Таштан кыналып курулган Таш-Рабат жөнүндө алты кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.