17.05.2018 10:04

Нарындыктар жайлоого алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты

Нарындыктар жайлоого алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты

Эмгекчил айылынын тургундары Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы. Алар эгер комбинат салынса, андан чыккан саркынды суу жайлоонун мал-жан ичип жаткан суусуна кошулаарын айтып коңгуроо кагышууда. Ошондой эле, комбинаттан чыккан калдыктарды сактоочу жай да адам өмүрүнө, ден соолугуна кооптуу дешет. 

Эскерте кетсек, "Jhong ji Mining” ” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн  2012-жылы мамлекеттен лицензия алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курмак. Компания жүргүзгөн алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгы  алар иш жүргүзө турган 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар экенин көрсөткөн.  Уруксаатка ылайык, ишкана 2030-жылга чейин жерди убактылуу пайдалана алат.

Чогулган жүздөй тургун менен Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинат курууга лицензиясы бар кытайлык “Jhong ji Mining company” компаниясынын өкүлдөрү жолугушту.

Жергиликтүүлөргө “Jhong ji Mining” компаниясы Эмгекчил айылына социалдык пакет катары 13 млн. сом берери  айтылды. Мындан сырткары айылдагы суу каналдын курулушуна буга чейин беш млн. сом которулган экен. Бирок мындай жардамга эмгекчилдиктер макул болушкан жок. Жыйындын соңунда жергиликтүүлөр комбинаттын зыяндуулугун иликтеп чыгыш үчүн комиссия түзүштү.

Солтон-Сары жайлоосунда жайгашкан алтын кени Нарын районунун Эмгекчил жана Миң-Булак айылдарына карайт.