24.08.2018 14:15

Ноокатта айылдык кеңештин депутаты пара менен кармалды

Ноокатта айылдык кеңештин депутаты пара менен кармалды

Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл өкмөтүнүн депутаты менен жер боюнча адиси пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Мекеменин аймактык бөлүмүнө М.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал андан Он эки-Бел айылындагы депутат менен жер боюнча адиси 80 миң сом талап кылып жаткандыгын айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 225-беренеси (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр 17-август күнү иш бөлмөсүндө  50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ал эми 19-август күнү Ош шаарындагы тергөө абагына иликтөөнүн соңуна чейин камалган. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.