10.10.2018 18:16

Ноокаттагы жол кырсыгы: Бир адам каза таап, алты адам жаракат алган

Ноокаттагы жол кырсыгы: Бир адам каза таап, алты адам жаракат алган

Ноокат районунун Шарон айылында жол тандабас менен күйүүчү май ташыган унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 9-октябрда саат 13:30дар чамасында Ош — Исфана жолунун 64-чакырымында катталган.

«Биринчи унааны Ош шаарынын 27 жаштагы Э.М. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарын көздөй башкарып бара жаткан. Ал каршы тилкеге чыкканда күйүүчү май ташыган унаа менен сүзүшкөн. Катуу соккудан улам унаа оодарылып кеткен. Ал эми экинчи унааны Ош шаарынын 27 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну башкарып бара жаткан», — деп айтылат маалыматта. 

Кырсыктын кесепетинен жол тандабаста бара жаткан 25 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Эки машинадагы төрт жүргүнчү менен эки айдоочу аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Ноокат РИИБдин кызматкерлери тиешелүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.