21.05.2018 18:05
Ноокен районунда селден бир адам каза тапты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда айдоочуну унаасы менен кошо сел агызып кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-майда саат 04:00дөр чамасында Ноокен районунун Ак-Жийде айылында сел жүрүп, Матиз үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен. Унаадагы 1998-жылы туулган жаранды жергиликтүү тургундар куткарып калышкан, ал эми унаанын айдоочусу М.Э. атуу 1965-жылы туулган адамды да сел агызып кетип, жансыз денеси табылган.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: