29.10.2018 15:34
Ноокенде окуучу баланы пахта басып калып, каза тапты
© Sputnik
Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагында 6-класстын окуучусу пахтага тумчугуп каза болду, деп жазат Turmush басылмасы.
Маалыматка караганда, окуучунун ата-энеси талаада пахта терип жүргөндүктөн, үйдө чоң энесинен башка киши жок болгон. Короодо ойноп жаткан баланы ошол жерде үйүлүп турган 3 тоннадай пахта басып калган. Ал чыга албай, тумчугуп каза болгон.
Анын пахтанын алдында калганын ата-энеси талаадан келгенден кийин гана билишкен.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: