Нооруз майрамына чейин Бишкекке 15 жаңы троллейбус келет

Бишкек троллейбус башкармалыгы 7 млн еврого 52 жаңы троллейбус сатып алат. Каражат Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган насыя жана гранттын эсебинен ишке ашат. Бул тууралуу кечээ, 1-мартта, башкармалыктын жетекчиси Артур Өмүрзаков шааардык кеңештин отурумунда билдирди.
Айтымында, жаңы троллейбустардын биринчи партиясы Россиядан сатылып алынат. "Тролза Маркет" ЖЧКсы 21-мартка чейин Бишкекке 15 троллейбус жеткирип берет, 16-майга чейин калган 22 унаа алынып келинет.
4-майда жана 8-июнда "Белкоммунмаш" ААКсы Белорусиядан дагы 15 троллейбус алып келет.
Жаны троллейбустар №2, 6 жана 15 маршруттук каттам менен жүрмөкчү.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: