07.06.2018 16:04

Новопавловка айылынын көйгөйлөрү : ооз ачыраар абал

Новопавловка айылынын көйгөйлөрү : ооз ачыраар абал

Айыл өкмөттөр массалык түрдө ифтар өткөрүүгө киришти. Болгондо да мамлекеттин эсебинен. Бери дегенде эле 5 айыл өкмөтү орозо маалында ооз ачуу уюштуруу үчун тендер жарыялашкан. Анын суммасы 60 миң сомдон тартып 80 миңге чейин термелет. Толгон-токой социалдык маселелерди чечүүнүн ордуна ифтар уюштурууга он миңдеген каражатты коротууга даяр айылдардын катарында Новопавловка, Көк-Жар, Ала-Арча, Фрунзе, Ат-Башы айыл-өкмөттөрү бар.

Ооз ачуу керек болгону менен, айыл өкмөттөрү элет маселелерин чечүүгө да ушунча аракет жумшаса, чындап элдин сообуна калышаар беле. Мисалы, Новопавловка айылы Бишкек шаарынан алыс эмес жайгашканына карабастан, көйгөйлүү жер. Таза суу тартыш, канализация жок, жолдор бузук, мектеп жетишсиз жана 60 жыл мурун курулган оорукана. Айтор, айта берсең толтура. Новопавловка тургундары бир нече жылдан бери коңгуроо кагып, маселелерди чечип берүүнү суранышууда.