Новопокровка айылынын тургуну Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болбогонуна нааразы

Бүгүн Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында майрамдык иш-чара өткөн жок. Бул туурасында аталган айыл тургуну Любовь Борисова  билдирди.

Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына орнотулган эстеликте бирин-серин гүлдөр турат. Башка эч кандай иш-чаралар болбой, майрам күнү айыл тургундары томсоруп калган. 

Мурда В.И.Ленин атындагы колхоз аталышын алып жүргөн айылда мурунку замандан эстелик катары эски клуб калган. Клуб деген аты эле болбосо, төрт дубалы гана турат. Айнектери сынган. Мында акыркы жолу 2 жыл мурун "Маданият күнү " өткөрүлгөн дейт тургун. 

Айыл  тургуну клубдун каралбай, талкаланып жатышына Чүй облусунун губернатору жооп бериши керек деген ойдо. Бирок, акыркы жолу бул айылга губернатор катары Феликс Кулов келип кеткен. 

Андан улам, Л.Борисова азыркы облус башчысын Новопокровкага бир келип кетүүгө чакырат. "Айыл Бишкек шаарынан болгону 10 чакырым алыстыкта жайгашкан", -деп эскертет тургун.